Ысык-Көлдө “Аяз атага айланган милиционер” акциясы башталды

Ысык-Көлдө “Аяз атага айланган милиционер” акциясы башталды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өспүрүмдөр менен иштөө

инспекциясынын инспекторлору кызматтык формаларын Аяз ата жана Аяз кыздыкына алмаштырышты.

Алар мигранттардын, жалгыз бой эненин жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын куттукташты.

Аталган акция өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында дагы уюштурулду, — дешти башкармалыктан.