Бишкек мэриясы быйыл 500 автобус сатып алуу ниетинде

Бишкек мэриясы быйыл 500 автобус сатып алуу ниетинде. Бул максатта жакынкы арада тендер жарыяланат. Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, учурга карата коомдук транспортту жеткирүүгө түркиялык, россиялык жана казакстандык компаниялар кызыктар.

 

Автобустар лизингге алынышы күтүлөт. Алар өзүн акташы үчүн, жол кире тарифтерин көтөрүү сунушу шаардык кеңешке берилет, — деди Койчубаков.