Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо иштери кызуу журүп жатат

Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо иштери кызуу журүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйылкы жылдын планына 55 объектини ондоо каралган.

Кеп, бала бакча жана мектептер тууралуу болуп жатат. 22 объекти ачылууга толук даяр.

Дагы 29унда жумуштар кызуу жүрүп жатат. Негизинен аларда чатыр жана

инженердик тармактар алмашырылып, жылытуу системасы жаңыланды.