Жалал-Абадда катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, турак-жайлардын чатыры Базар-Коргон районунун Кеңеш, Жараке, Ноокен районунун Шайдан, Чаткалдын Терек-Сай айылдарында жабыркады. Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 18-19-чакырым аралыктарын суу каптап, кум-шагылга толуп калды.
Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп чыгымдарды эсептеп жатат.