Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылды.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
көзөмөл бекети аба ырайынын кескин начарлашынан улам Кытай тараптын демилгеси менен
12-октябрда оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот. «Эркечтам» бекети оор жүк ташуучу унаалар
үчүн атайын кабыл алынган алгоритмдин негизинде кадимки тартипте иштеп жатат