Жыл башынан бери республикалык бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды

Жыл башынан бери республикалык бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды.  Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Ал белгилегендей, буга чек аралардын жабылышы, жүк ташуулардын кыскарышы себеп болду.

 

Андан тышкары, бул  жазында өлкөдө киргизилген өзгөчө абал режиминде бизнес чектөөгө кабылганына дагы байланыштуу.

 

Учурда өкмөт тарабынан бюджеттеги жетишсиздикти толтуруу үчүн кошумча булактарды табуу максатында иштер жүрүп жатат, — деди Асрандиев.