Жарандарды Россияга жиберүү үчүн жасалма медициналык документтерди жасап жүргөн адам кармалды

Жарандарды Россияга жиберүү үчүн жасалма медициналык документтерди жасап жүргөн адам кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шектүү Каржы полициясынын мурдагы кызматкери,

учурда жеке авиакассада иштеп жаткан. Ал жасалма тактаманы 46 миң сомго сатып жүргөнү аныкталды.

Шектүүнүн иштеген жеринен медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин

бир нече жасалма мөөрү табылды. Учурда тергөө иштери уланууда