«112-Кыргызстан» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112-Кыргызстан» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул колдонмо калкты мүмкүн болуучу өзгөчө жана кризистик кырдаалдар жөнүндө шашылыш билдирүү, ошондой эле кесепеттерин жоюу боюнча иштерди координациялоо максатында түзүлдү.

Муну менен абалга чара көрүү убактысы кыскарып, коркунуч келип чыккан учурда көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырат деп ишендиришүүдө.

Тиркемени төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алса болот:

https://play.google.com/store/apps/details?id=com.yorc.iamsmobile&hl=ru&gl=US.