Бишкекте туруктуу органикалык айыл чарба өндүрүшүн түзүүгө арналган форум өттү

Бишкекте «Туруктуу органикалык айыл чарба өндүрүшүн түзүү: көйгөйлөр жана перспективалар»аттуу форум өттү.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун максаты органикалык айыл чарба азыктары тармагына катышкан бардык тараптардын – бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири пикир алмашуусу, ОАЧ өнүктүрүүдөгү прогрессти тактоо, тармактын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо болуп саналат.

Форум 2023- жылы планетада белгилене турган органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлүп жатат.

Мындан тышкары, форумда органикалык продукцияны өндүрүүчү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылып, иштелип чыккан же иштеп чыгуу процессинде турган мыйзам актыларынын долбоорлору каралды.

Анын жыйынтыгында министрлер кабинетинин концептуалдык документтерине сунуш киргизүү боюнча срезолюция кабыл алынды.