Бишкекте 4-чейректен тартып бардык класстын окуучулары парталарга кайтып келбейт.
1-апрелден баштап 7 класстын гана окуучулары мектепке келип билим алат, — деп билдирет
мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева. Ал эми
6-7-8-10-класстын окуучулары онлайн окууну уланта берет. Алдыдагы 2, 3 жума бою
эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүлөт, акыркы чечим андан кийин кабыл алынат.