Бишкекте жөө жүрүүчүлөр аймагын жана веложолчону курууга айрым объектилер тоскоолдук жаратууда

Бишкекте жөө жүрүүчүлөр аймагын жана веложолчону курууга айрым объектилер тоскоолдук жаратууда. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп, Манас, Чүй проспектилеринде жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү кызыл чийинденден чыгып кеткен курулуштар тууралуу болуп жатат.

 

Учурда шаардык кызматтар ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, объектилердин документтерин жана ижара берүүчүлөр менен келишимди кайра карап жатышат. Муниципалитеттен белгилешкендей, бузуулары менен тургузулган курулуштар алынат.