Эркин күрөш боюнча балбандар Ысык-Көлдө машыгууда

Өлкөнүн эркин күрөш боюнча балбандары Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында кезектеги окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай иш-чара спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылдагы календардык планына ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында өтүүдө.

1-февралда башталган даярдык иш-чарасы 20-февралга чейин уланат. Ага 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков, Дүйнө кубогунун коло байгесинин ээси Ислам Орозбеков сыяктуу 24 балбан катышууда. Спорттук иш-чарага башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетекчилик кылып жатат. Спортчулардын толук тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.

 

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу аталган дирекция тарабынан каржыланды.