Ысык-Көл облусунун туристтик милициясы жайкы сезонго даяр.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, туристтик кызматкерлер
Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп жана Тоң райондорундагы тоолуу аймактарга жөө кайгуул
иштерин жүргүзүшөт. Ал эми Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 13 маршрут
боюнча кызмат өтөшөт. Чет тилдүү эс алуучулар менен эркин сүйлөшүү максатында
аларга атайын курстар өтүлүүдө. Туристтик кызматкерлер ошондой эле
санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.