Фарид Ниязов 10-августка чейин №1 тергөө абагында калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-июнда президенттик аппараттын мурдагы

башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узартып, 10-августка чейин №1 тергөө абагында калтырды.

Анын адвокаты Замир Жоошевдун айтымында, прокурор күбөлөрдүн баарын сурай

электигин билдирип, Ниязовдун бөгөт чарасын узартууну сураган.

«Мыйзамга ылайык, тергөөдө ушундай зарылчылык болсо, ал айыпталуучуну камакта

кармаганга негиз боло албайт. Адам качып кетиши, тергөөгө тоскоолдук жаратышы же

кылмыш жасашы мүмкүн деп табылса гана камакта кармалат»,- деген Жоошев сот

чечимин мыйзамсыз деп, беш күн аралыгында шаардык сотко кайрыларын кошумчалады.