Бишкекте эмки жумада күн кескин ысышы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, температура нормадан дээрлик 15 градуска жогору болот. 18-19-февралда күндүз күн 22 градуска чейин жылыйт.
Ал эми түнкүсүн мамычалар +10…12 градусту көрсөтөт. Эске салсак, февралдагы эң жылуу температура рекорду 2016-жылы орнотулган. Анда 26-февралда күн 25 грауска чейин ысыган болчу.