Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдешке катышат. Бириккен күрөш уюмунун маалыматына ылайык, күрөш боюнча турнир Стамбул шаарында 24-27-февралда өтөт.
Анда Кыргызстан намысын Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев жана Улукбек Жолдошбеков коргоп чыгат.