7-июнда Жалал-Абад шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, мелдеште өлкө аймагынан жана Өзбекстандан келген, жалпысынан 500дөй балбан күч сынашууда.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмү, облустук грек-рим күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана жаш спортчулар катышты.
Спорттук иш-чара бүгүн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.