Эртеңден тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Эртеңден тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, 5 миңден ашык тиричилик абонентинин карызы бар.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн электр энергиясына төлөмдөрдү өз убагында төлөө сунушталат.