Жаны жылдык майрамдарда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, бул ирет 1-январь – ишембиге туш келгендиктен, эс алуу күнү — дүйшөмбү 3-январга жылдырылат. Ошентип кыргызстандыктар жаңы жылда 3 күн катары менен жумушка чыкпайт.