Жарандардын телефонун тыңшап, камераларды орнотууга уруксат берген мыйзам колдоо тапты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү”, “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү”, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлорун үчүнчү окууда карап, колдоду.

Мыйзамга эл өкүлдөрүнүн 72си макулдугун берсе, төртөө каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоору соттун чечимисиз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) жарандардын телефонун тыңшап, жеке менчик жерге камера орнотууга уруксат берет.