Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативалык кызматтарга чакыруу токтотулду

Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативалык кызматтарга чакыруу токтотулду.

Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мындай чечим

айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу.

Ошондой эле Куралдуу күчтөр кызматкерлеринин арасында коронавирустун

таркашын алдын алуу максатында кабыл алынды. Аскерге чакыруу мартта

башталып, май айында аяктамак. Ага 3 миң эр азамат тартылмак.