Президенттин басма сөз кызматында кадрдык алмашуулар орун алды

Президенттин басма сөз кызматында кадрдык алмашуулар орун алды.

Өлкө башчынын жарлыктарына ылайык, президенттин басма сөз катчысы болуп

Эрбол Султанбаев дайындалды. Султанбаев буга чейин Маалыматтык саясат

бөлүмүндө эмгектенип келген. Ал эми буга чейинки басма сөз катчы Галина Байтерек

кызматтан бошотулуп, президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият,

спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ал кызматка былтыр октябрда дайындалган.