Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында,

буга чейин Кытайдан жардам берүү өтүнүчү менен кат келген.

Алар дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет кап берүүнү суранган.

Мындай билдирүү бизден тышкары көптөгөн мамлекеттерге жөнөтүлдү.

Биз жооп катары жардам берүү ниетибизди билдирдик, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,

— деди Өмүрбекова. Мындан тышкары, кыргыз тарап Кытайга тамак-аш жагынан дагы

жардам кылышы ыктымал. Учурда тиешелүү органдар тарабынан

өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.