“Барселона” башкы оюнчусу Лионель Мессини келишим аяктаганга чейин кое берет

“Барселона” башкы оюнчусу Лионель Мессини келишим аяктаганга чейин кое берет. Бирок футболчу үчүн трансфердик баа рекорддук 700 миллион евро деп белгиленди.

 

 Mundo Deportivo испаниялык басылмасынын маалымаатына ылайык, клубдун президенти Хосеп Бартомеу Мессини сатуу туура эмес деп эсептейт, бирок форвард өзү кеткиси келсе, аны сатып алууну каалаган клуб “Барсага” 700 миллион доллар бериши керек. Футболчуга “Интер”, “Манчестер Сити” жана “ПСЖ” талапкер болууда.