«Барселонанын» башкы машыктыруучусу Рональд Куман кызматтан кетет

Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун жетекчилиги клуб «Сельта» клубуна 2:1 эсебинде утулгандан кийин башкы машыктыруучусу Рональд Куманды кызматтан кетирүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, бул жеңилүүдөн «Барселона» Испания чемпиондугунда чемпион болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган. Учурда «Барселона» 76 упайы менен турнирдик жадыбалда үчүнчү орунда. Ошол эле учурда Куман татыктуу талапкер жок болсо өз ордун сактап калышы толук мүмкүн.

 

Учурда клуб башкы машыктыруучулук кызматка 2 талапкердин тизмесин кароодо. Алар «Барселонанын» мурдагы оюнчусу Хави жана «Аякс» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Эрик тен Хаг.