Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрдү

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрдү.

2-декабрдан 10-декабрга чейин өткөрүлгөн иш-чарада жалпы 1 миң 500 айдоочуга протокол түзүлдү.

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда,

25 айдоочу мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалды.

Андан тышкары 12 айдоочу унааларын техникалык кароодон өткөргөн эмес.

Ал эми 29 айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты. Жалпы 44 унаа айып короосуна киргизилди.