Жыл башынан бери 150 миңден ашуун балага сүйүнчү пул берилди

Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Өткөн жылы сүйүнчү акча 117 миң балага берилген.

Анын сөзүнө караганда, мурда сүйүнчү пулду алыш үчүн 3-4 маалым кат талап кылынчу. Акчаны алыш үчүн документ чогултуу баш-аягы 9 күндөн 2-3 айга чейин созулчу. Кочкоров азыр сүйүнчү акчаны алуу жеңилдегенин айтты.

 

— Азыр балага сүйүнчү пул алыш үчүн эч кандай документтин кереги жок. Бала төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк алыш үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганда эле «мен балага сүйүнчү пул алам» деп оозеки билдирсеңиз элетрондук арыз толтурулат. Ал арыз бизге түшөт. Биз аны «Айыл банк» же РСК банкына жөнөтөбүз. Ошентип сүйүнчү пулду эки күндө алса болот — деди Кочкоров.

Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом. Өкмөт быйыл ноябрь айында үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн50 миң сомдон берүүнү чечкен. 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген.