Калкты каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат

Калкты каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат. Улуттук статистика комитети мындай жол менен мигранттардын реалдуу санын, алар кайсы өлкөдө, эмне иштер менен алек болорун билгиси келет.

 

Андан тышкары, эл каттоо учурунда майып адамдар тууралуу маалымат топтолот. Эске салсак, 2020-жылдын 27-мартынан тарта Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт.

 

Иш-чараны өткөрүү үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтүп, кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет. Бул жолку эл каттоонун өзгөчөлүгү — алгачкы жолу электрондук форматта өтөт.