Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 24-январдан 30-январга чейин “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү иштебейт.
Бул Кытайда улуттук жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу. Жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 31-январда жанданат.