Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсү уюму жаңыланган рейтингин жарыялады. 2020-жылдын биринчи рейтинги былтыр өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн.   Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болгон. Аталган рейтинг Олимпиада оюндарында таразага түшүүдө таасир этет.

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда. Мунициплдык ишкананын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорго 300 тоннага жакын техникалык туз себилди.   Тоңгон муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган. Күндүз жана кечинде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч, “Тазалыктын” 117 жүк ташыган кызматкери жана 100гө чукул таштанды… Кененирээк…

Улуттук банктын  алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү

Улуттук банктын  алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү. Бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.   Анын  айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11 пайызга көбөйгөн. Коммерциялык банк аркылуу бюджеттик… Кененирээк…

Кыргыз-казак чегиндеги “Ак-Жол” өткөрүү бекетинин курулушу январдын соңунда башталат

Кыргыз-казак чегиндеги “Ак-Жол” өткөрүү бекетинин курулушу январдын соңунда башталат. Бул тууралуу премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек.   Транспорт үчүн чек ара жабык болуп, башка чек ара бекеттери… Кененирээк…