Бишкектин 8 кесилишине светофор орнотулат
Бишкектин 8 кесилишине светофор орнотулат. Ордо калаа мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгы бул максатта тендер жарыялады. Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 100 миң сом каралды. Сынакка катышуу үчүн арыздар 16-январга чейин кабыл алынат.