Шахида Нармухамедова кадеттер арасындагы дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапка жайгашты

Шахида Нармухамедова кадеттер арасындагы дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапка жайгашты. Анда кыргызстандык спортчу 4 сапка көтөрүлүп, 80 килограммдан жогорку салмак категориясында жазылды. Былтыр Нармухамедова Алматы жана Ысык-Көлдөгү Азия кубогунда жеңүүчү аталып, Ташкенттеги Азия Кубогунда коло медалдын ээси болгон. Мындан сырткары Азия жана Океания чемпионатынан… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 10 билим берүү мекемеси “Акылдуу мектеп” долбооруна кошулат

Быйыл Кыргызстанда 10 билим берүү мекемеси “Акылдуу мектеп” долбооруна кошулат. Бул тууралуу Билим берүү министринин кеңешчиси Расул Абазбек билдирди. “Ал 4 компонеттен турат. Биринчиси бул, электрондук чөйрө, экинчиси электрондук мугалим, үчүнчүсү электрондук каражаттар жана төртүнчүсү электрондук тейлөө деп аталат. Мына ушул 4 компонент болгондо биз… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүр 25 сомго арзандады

Кыргызстанда көмүр 25 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка караганда, өлкө боюнча эң кымбат баа Ноокатта, тоннасы 7,5 миңден ашык жана Баткенде 7 миң 300 сом болуп жатат. Ал эми эң арзан баа Балыкчыда 3 миң 700 сом деп катталды. Мындан тышкары… Кененирээк…

Бишкекте өрттөнгөн кампа күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталды

Бишкекте өрттөнгөн кампа күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын маалымат кызматы билдирет. Мыйзамга ылайык, күйүүчү майлар турак жайлардан жана коомдук жайлардан алыс жайгашып, аларды сактоо да атайын имараттарда жүргүзүлүшү керек. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуусу такалууда жана  укук-коргоо… Кененирээк…

“Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы боюнча тендер кайрадан өткөрүлөт

“Бишкектин көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы боюнча тендер кайрадан өткөрүлөт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, декабрдагы сынакка 3 компания катышып, сертификациядан өтпөй калышкан.   Учурда документтер долбоорду каржылай турган кытайлык компанияга жөнөтүлдү. Күтүлгөндөй, тендер мартта жарыяланышы мүмкүн, — деди Уезбаев.

Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат, белгисиз

Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат, белгисиз. Бизге өкмөт аппаратынан билдиришкендей, бардыгы вирус боюнча жалпы абалга байланыштуу болот. Кытайлык товарлар менен иштешкендер тууралуу айта турган болсок, компенсация төлөп берүү суроосу көтөрүлгөн жок.   Эске салсак, 24-январда Кытай менен чек ара Жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу жабылган.… Кененирээк…

Дагы 40 кыргызстандык студент Кытайдан мекенине кайтты

Дагы 40 кыргызстандык студент Кытайдан мекенине кайтты. novosti.kgге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар Казакстан аркылуу атайын борт менен жеткирилди. Аларды ведомствонун өкүлдөрү Алмата шаарынан тосуп, Бишкекке алып келишти.   Учурда мекендештерн обсерваториялык жайларга карантинге жайгаштырылды. Аларда коронавирустун белгилери байкалган жок, бирок эпидемия катталган жерден келишкендиктен,… Кененирээк…

Бахадыр Кочкаров футбол федерациясында калыстардын төрагасы болуп дайындалды

Бахадыр Кочкаров футбол федерациясында калыстардын төрагасы болуп дайындалды. Аталган спорт ведомствосунан билдиришкендей, Бахадыр Кочкаров өзүнүн калыстык карьерасын 1997-жылдан баштаган.   Ал футбол боюнча Дүйнө чемпиондуктарында, Европадагы эң беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасында жана Азия чемпионаттарында калыстык милдетин аткарып келген.

Өкмөт кичи тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрдү

Өкмөт кичи тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрдү. Министрлер кабинетинин аппаратынан билдиришкендей, кеп мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу болуп жатат.   Автобус, жүк ташуучу, жыйнап-тазалоо техникасынын айдоочулары, сантехниктер, коро шыпыргычтар, лифт тейлөөчүлөр жана имараттарды оңдоп-тейлеп жүргөн жумушчулар жогорулатылган маяна алып баштайт. Мамлекеттик бюджетте… Кененирээк…

Ош-Баткен-Исфана жолун кайра калыбына келтирүү иштери уланууда

Ош-Баткен-Исфана жолун кайра калыбына келтирүү иштери уланууда. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда трассанын Караван-Көк-Талаа айылдарына тийиштүү 75-108-чакырымдары ондолуп жатат.   Түтүктөр өткөрүлдү, жазгы иштерге даярдыктар жүрүүдө. Белгилеп кетсем, бул долбоордо аткаруу компания катары түркиялык фирма тандалып алынган.