Өкмөт кичи тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрдү

Өкмөт кичи тейлөөчү кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрдү. Министрлер кабинетинин аппаратынан билдиришкендей, кеп мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу болуп жатат.

 

Автобус, жүк ташуучу, жыйнап-тазалоо техникасынын айдоочулары, сантехниктер, коро шыпыргычтар, лифт тейлөөчүлөр жана имараттарды оңдоп-тейлеп жүргөн жумушчулар жогорулатылган маяна алып баштайт. Мамлекеттик бюджетте жыл сайын айлыктарды көбөйтүүгө   220 миллион сом бөлүнөт.