Бахадыр Кочкаров футбол федерациясында калыстардын төрагасы болуп дайындалды

Бахадыр Кочкаров футбол федерациясында калыстардын төрагасы болуп дайындалды. Аталган спорт ведомствосунан билдиришкендей, Бахадыр Кочкаров өзүнүн калыстык карьерасын 1997-жылдан баштаган.

 

Ал футбол боюнча Дүйнө чемпиондуктарында, Европадагы эң беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасында жана Азия чемпионаттарында калыстык милдетин аткарып келген.