Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотту. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, буга Коопсуздук кеңешинин берген сунуштары себеп болду.   Анын маалыматына ылайык, 2018-19-жылдары “Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата 100дөн ашык иш козголгон. Анын ичинде ведомство жетекчиси Алымжан Козубаев дагы бар.

WhatsApp мессенджеринин колдонуучуларынын саны 2 миллионго жетти

  WhatsApp мессенджеринин колдонуучуларынын саны 2 миллионго жетти. Компаниядан белгилешкендей, алар маалыматтын сакталышына чоң маани беришет.   Бирок жакында эле америкалык ММКлар дүйнөнүн эң бай адамы болуп келген Джефф Безостун телефону вотс апп аркылуу кабыл алынган файлдан улам жарактан чыкканын жазып чыгышты.

Бишкектин борбордук бөлүгү жыл аягына чейин маршруттук таксилерден бошотулат

Бишкектин борбордук бөлүгү жыл аягына чейин маршруттук таксилерден бошотулат. Буга “Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков ишендирүүдө.   Анын айтымында, өкмөт токтомуна ылайык, маршурттук линиялардын ордуна автобустар кое берилет. Бул максатта газ жана электр энергиясы менен жүргөн 520 автобуска тендер жакынкы күндөрү жарыяланат. Ал… Кененирээк…

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кармалды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, алар ири өлчөмдөгү күйүүчү майды максатсыз колдонууга шектелүүдө. Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында ишкананын башкы эсепчиси жана 2 оператору колго түшүрүлдү.   Алар  84 миллион сомго сатылып алынган күйүүчү — майлоочу материал талондорун мыйзамсыз өздөштүрүп алганы… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов иштен алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов иштен алынды. Бул тууралуу маалыматты өкмөт аппаратынан тастыкташты. Азырынча чиновниктин кызматтан кетүү себеби айтыла элек.   Эске салсак, Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын былтыр апрель айында эле жетектеп баштаган.

Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу уланууда

Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жолу жарык диоддук чырактар “Рухий-Мурас” конушунун  2-3-5-8-жана Бейшеналиева көчөлөрүнө орнотулду.   Бул максатта 50 кронштейн тургузулуп, 2 миң чакырымдан ашык электр линиялары тартылды. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул максатта иштер дагы уланат.

Бүгүн Кыргызстандын басымдуу аймактарында кар жаайт

Бүгүн Кыргызстандын басымдуу аймактарында кар жаайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда катуу жаан-чачын жүрөт. Бул тоолуу трассаларда кар көчкү түшүү коркунучун жаратат.   Андыктан, айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы   500 метрлик аралыкты сактап жүрүү сунушталат.

Бишкекте жол кыймылын автоматтык башкаруу системасы пайда болот

Бишкекте жол кыймылын автоматтык башкаруу системасы пайда болот. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, жаңычылдыктын алкагында “акылдуу светофорлор” орнотулат.   Алар автоматтык режимде жол кыймылына көз салып, аны өз алдынча жөнгө сала алат. Күтүлгөндөй, жаңы система ордо калаадагы тыгындар маселесин жокко… Кененирээк…

Бишкек-Ош трассасында жаңы туннель курулат

Бишкек-Ош трассасында жаңы туннель курулат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, өтмөк жолдун 110-115-чакырымдарын камтыган тилкесинде пайда болот. Долбоордун болжолдуу баасы 250 миллион сомду түзөт.   Туннель мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулмакчы. Ал аркылуу өтүү акылуу болушу күтүлөт. Учурда жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат.

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 2 күндөн кийин соңуна чыгат

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 2 күндөн кийин соңуна чыгат.  Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, убактылуу кагаздарды туруктуу айдоочу күбөлүктөрүнө 15-февралга чейин алмаштыруу керек.   Жетишпей калгандар күбөлүгү жок катары айып төлөөгө аргасыз болот. “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп, документ алмаштырууга арыздарды кабыл алууда. Арыздар… Кененирээк…