Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 587 миллион долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 587 миллион долларга жетти. Өтүп кеткен жылдын 31-декабрына карата маалыматты Каржы министрлигинен беришти. Ага ылайык, 1 айда бересе 83 миллион сомго көбөйдү.

 

Мурдагыдай эле, карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксимбанкы алдында – жалпы сумманын 46 пайызы. 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстан калкынын саны 6,5 миллионду түздү. Өлкө боюнча орточо маяна 17 миң 166 сом. Мамлекеттик карызды жабуу үчүн ар бир кыргызстандык 3 айлыгын бериши керек.