Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайы атып түшүрүү жүрүп жатат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, трассанын 121-198-265-чакырымдарында
кар массаларын мажбурлап түшүрүү зарылдыгы келип чыкты.
Коопту тилкелердеги иштер бүгүн кечке чейин уланат.
Кошумчаласак, аталган иштерге байланыштуу жабылган Төө-Ашуудагы
туннел кечинде толугу менен ачылып, унаалар өтүп баштады.