Коронавирусту алдын алуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүнө өзгөрүүлөр киргизилди

Коронавирусту алдын алуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүнө өзгөрүүлөр киргизилди. Саламаттыкты сакттоо министрлигинин маалыматына ылайык, Франция, Германия, Испания, Сингапур жана АКШдан келген жарандар үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт.   Тагыраак айтканда, аталган мамлекеттерден келгендерге  2 жума бою эл көп чогулган жерлерге чыгуусуна тыюу салынат. Ал эми Кытай, Түштүк… Кененирээк…

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндөгү бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндөгү бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, анын биринчи кабаты толугу менен аягына чыкты. Учурда экинчи кабатты куруу жүрүп жатат.   Планга ылайык, имаратта 4 тайпа жайгаштырылат. Анда уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, музыкалык жана спорттук сабактар үчүн жайлар болот. Долбоорду ишке ашыруунун… Кененирээк…

Мектеп олимпиадасы жана башка билим берүү тармагындагы сынактар кийинкиге жылдырылды

Мектеп олимпиадасы жана башка билим берүү тармагындагы сынактар кийинкиге жылдырылды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай чара коронавирусту алдын алуу максатында кабыл алынды. Бийлик элди көп чогулта турган иш-чаралардан баш тартууга чакырат.   Андан тышкары, жарандарга жеке гигиенаны сактоо сунушталат. Жалпысынан, Кыргызстан аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык  Жаманбаев, Табалдиев, Сухомлинов, Айни, Абдрахманов, Ахунбаев, Тыныстанов, Абай көчөлөрүндө, Керемет, Төкөлдөш, Арча-Бешик, Рухий-Мурас конуштарында, Көк-Жар, Воронцовка, Арчалы, Кашка-Суу айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук… Кененирээк…

Бишкекте Ноорузду майрамдоого бөлүнгөн каражат шаар бюджетинде калат

Бишкекте Ноорузду майрамдоого бөлүнгөн каражат шаар бюджетинде калат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, коронавирустун жайылышын алдын алууга байланыштуу өлкөдөгү массалык иш-чаралар белгиленбейт.   8-март жана Ноорузду белгилөөгө каралган 4 миллион  200 мин сом шаардык бюджетте калып, кийинки иш-чараларга сарпталат. Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан ушул жылга… Кененирээк…

Владимир Путин кайрадан президенттикке аттана алат

Владимир Путин кайрадан президенттикке аттана алат. Мамлекеттик Дума Россиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды. Бекитилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин бийлик башында 2036-жылга чейин кала алат.   Ал үчүн ал 2024-жылкы шайлоодо жеңип, алты жылга шайланышы керек. Белгилеп кетсек, 67 жаштагы Путиндин бийликке келгенине 20 жыл болду.

Улуттук банк валюта рыногундагы серпилүүнү жөнгө салуу чарасын көрдү

Улуттук банк валюта рыногундагы серпилүүнү жөнгө салуу чарасын көрдү.  Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ 53 миллион 700 миң доллар сатты. Учурда республиканын валюта базарындагы абал туруктуу.   Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. Кечээ Кыргызстанда доллар… Кененирээк…