Бишкектин Тыныстанов көчөсүндөгү бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, анын биринчи кабаты толугу менен аягына чыкты. Учурда экинчи кабатты куруу жүрүп жатат.
Планга ылайык, имаратта 4 тайпа жайгаштырылат. Анда уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, музыкалык жана спорттук сабактар үчүн жайлар болот. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 35 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.