Жогорку Кеңештин имаратына сырттан келгендер киргизилбейт

Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендер киргизилбейт. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков билдирди. Анын айтымында, буга чейин, айылдык кеңештердин депутаттары, мектеп окуучулары, студенттер кабыл алынчу. Мындан улам депутаттардын сыртка чыгуусуна да эскертүү берилет. Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөдө дээрлик 110 миң адамга… Кененирээк…

Кыргызстанда чет өлкөгө чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды

Кыргызстанда чет өлкөгө чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, буга чейин 18 күндүн ичинде жасалган документ, эми 12 күндүн ичинде даяр болот. Бул үчүн кошумча акы алынбайт. Паспорт берүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте – күнү-түнү иштеп жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын чек арасынан кыргыз… Кененирээк…

Иранда калган кыргызстандык айдоочулар үчүн Азербайжан транзиттик жол ачып берет

Иранда калган кыргызстандык айдоочулар үчүн Азербайжан транзиттик жол ачып берет. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Иран-Түркмөн жана Иран-Азербайжан чек арасында калып калган 62 айдоочу бар. Аларды өткөрүүгө ведомство менен Кыргызстандын Баку жана Тегерандагы элчилиги байкоо салып турушат. Белгилеп кетсек, кыргызстандык айдоочуларды аталган аймактан алып чыгууга… Кененирээк…

Кыргызстандын 28 калк жашаган түйүнүнө айыл макамы берилиши күтүлүүдө

Кыргызстандын 28 калк жашаган түйүнүнө айыл макамы берилиши күтүлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралып жатат. Ага ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы айрым түйүндөрдүн макамы өзгөрүлөт.   Жергиликтүү башкаруу жана этникалык мамилелер мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда бири бирине өтө… Кененирээк…

Бишкекте 100 жана андан көп адамдын катышуусунда спорттук, маданий жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды

  Бишкекте 100 жана андан көп адамдын катышуусунда спорттук, маданий жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Андан белгилешкендей, бул коронавирусту алдын алуу үчүн жасалууда.   Мусулмандардын дин башкармалыгына жана Орус Православ чиркөөсүнө Бишкектин аймагында ар кандай диний иш-чаралар үчүн… Кененирээк…

Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок

Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат.   Коронавируска байланыштуу түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай… Кененирээк…

Токио Олимпиада оюндары бир же эки жылга жылышы мүмкүн

Токио Олимпиада оюндары бир же эки жылга жылышы мүмкүн.  Бул тууралуу  Р-Спорт агенттиги уюштуруу комитетинин мүчөсү Харуюки Такахашиге шилтеме берип жазды. Дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу башка мөөнөткө жылдыруу зарылчылыгы келип чыкты.   Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган.… Кененирээк…

Калкты каттоодо жарандардын жеке маалыматы коргоого алынат

Калкты каттоодо жарандардын жеке маалыматы коргоого алынат. Буга биздин Улуттук статистика комитетинен ишендиришүүдө. Андан белгилешкендей, эл каттоодо жарандын аты гана жазылат.   Андан тышкары, атайын “Каттоо” аталышындагы сим-карталар даярдалды, процесс аягына чыккан соң, алар дароо жарактан чыгарылат. Эске салсак, калкты каттоо Кыргызстанда 23-мартта башталып, бул… Кененирээк…

Баткенде таза суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү иштери жайдын аягына чейин жыйынтыкталат

Баткенде таза суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү иштери жайдын аягына чейин жыйынтыкталат. Президент аппаратынан билдиришкендей, долбоору Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы ишке ашырып жатат.   Бүгүнкү күндө “Таза суу” муниципалдык ишканасынын имараты курулуп, техника жана жабдуулар сатылып алынып, канализациялык система салынууда. Долбоор… Кененирээк…

АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын тапшырат

АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануу каражаттарын тапшырат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлери ал каражаттарды колдонуу эрежелери менен тааныштырып кетет.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок. Илдеттин өлкөдө жайылуусунун алдын алуу үчүн чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте… Кененирээк…