WhatsApp видео чалуу колдонуучуларынын санын максималдуу чекке жеткирди

WhatsApp аудио жана видео чалуу колдонуучуларынын санын максималдуу чекке жеткирди.

Буга чейин бир эле учурда төрт адам байланышка чыга алса, эми сегиз адамдан турган топ

чалууларды жүргүзө алат. Жаңы функция тиркеменин акыркы бета-версиясын көчүргөндөргө

жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, акыркы учурда коллективдик чалуулар популярдуулукка жетти.

Бул билим берүү уюмдары жана көп мекемелер онлайн иштөөсүнө байланыштуу.