Токиодо олимпиада оюндары кийинки жылы да өтпөй калышы ыктымал

Токиодо олимпиада оюндары кийинки жылы да өтпөй калышы ыктымал.

Дүйнө пандемияны жеңбесе, вакцина табылбаса оюндар дагы бир жылга

жылышы ыктымал экенин Уюштуруу комитетинин башчысы Йоширо Мори билдирди.

Токиодо өтчү жайкы Олимпиада оюндары коронавирустан улам эмдиги жылга калган.

124 жылдык тарыхы бар бул иш-чара согуштун айынан өтпөй калган

учурлар болгон, бирок мөөнөтү бир да жолу жылдырылган эмес.