Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсепке 134 миллион сом которулду

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсепке 134 миллион сом которулду. Өкмөт аппаратынан демөөрчүлөр жана катардагы жарандардан чогулган акчанын 38 миллион сому  медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн коротулганын билдиришти.

 

Андан тышкары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 16 миллион сом чогулду. Ал эми Бишкек мэриясында ачылган дагы бир депозиттик эсепке 4 миллион сом чогулса, анын жарымы колдонулду.