Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада дагы 21 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 3, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 9, Нарында 1 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын саны 416га жетти.