Биринчи этап менен ишке кирген кызматтардын эреже бузган учурлары катталууда

Биринчи этап менен ишке кирген кызматтардын эреже бузган учурлары катталууда. Кеп, такси кызматтары жана сулуулук салондору тууралуу болуп жатат, — деди Ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев. Айрым такси айдоочулары бет кап тагынбай, уруксат кагазы, патенти жок унаа башкарып жүрүшөт. Гигиеналык нормаларды сактабаган чач тара жана… Кененирээк…

Өзгөчө абал режими аяктагандан кийин Бишкекке киргендерди текшерүү күчөтүлүшү ыктымал

Өзгөчө абал режими аяктагандан кийин Бишкекке киргендерди текшерүү күчөтүлүшү ыктымал. Вице-мэр Татьяна Кузнецованын айтымында, шаарга келе жаткандардан өткөрмө кагаздын, экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы мүмкүн. Жөө адамдардын жана унаалардын каттамын чектөө максатында ички санитардык постторду коюу маселеси каралып жатат. Ошондой эле… Кененирээк…

Таиланд жана Камбоджадан келген жарандар обсервацияга алынды

Таиланд жана Камбоджадан келген жарандар обсервацияга алынды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 24 кыргызстандык Казакстандын Шымкент шаарынын аба майданына чартердик каттам менен келген. Ал жерден жарандар атайын унаа менен Бишкекке жеткирилди.

Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27ге жетти

Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27ге жетти. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирет. Маалыматка караганда, илдет жуккан 10 кызматкер айыгып чыкты. Калган 17си Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми медицина кызматкерлеринин 216сынан коронавирус аныкталды, алардын 139у айыгып чыкты. Бир дарыгер каза… Кененирээк…

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталды

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталды. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, анда асфальт төшөлүп, отургучтар, жарык системасы жана таштанды челектери орнотулду.   10 гектар аянтты ээлеген  паркта ошондой эле Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги пайда болду. Ордо калаанын жаңы эс алуу… Кененирээк…

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 11 адам айыкты

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 11 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 7, Нарында 4 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 575 болду.

Мектептерге электрондук кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

Мектептерге электрондук кабыл алуунун мөөнөтү узартылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ата-энелер балдарын 1-класска 1-сентябрга чейин каттай алат.   Эске салсак, быйыл Бишкектен тышкары, электрондук кезек системасы Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында ишке кирди. Электрондук арыздарды кабыл алуу буга чейин 15-августта токтотулмак.

Ошто 7 тармактын ишканалары ачылды

Ошто 7 тармактын ишканалары ачылды. Бул тууралуу түштүк калаанын мэри Таалайбек Сарыбашев билдирди. Анын айтымында,  өндүрүш, курулуш компаниялары, унаа оңдоочу жайлар, нотариустар, сулуулук салондору жана такси кызматтары иштеп жатат.   Эске салсак, буга чейин өкмөт тарабынан экономикалык ишмердүүлүктү 3 этап менен жандантуу планы кабыл алынган.

Кыргызстанда буудай жана арпа эгүү 96 пайызга жыйынтыкталды

Кыргызстанда буудай жана арпа эгүү 96 пайызга жыйынтыкталды. Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуевдин айтымында, бүгүнкү күндө тоолуу аймактар эле калды – Чоң-Алай, Чаткл, Суусамыр райондору жана Нарындын тоолуу райондору.   Дыйкандар иштерин 20-майга чейин жыйынтыктоо ниетинде. Чодуев белгилегендей, учурда ошондой эле жүгөрү, дарбыз жана башка өсүмдүктөрдү… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы арзандоосун улантууда

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы арзандоосун улантууда.   Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү отундун наркы литрине 2 сомго арзандашы күтүлөт. Баалардын андан кийинки өзгөрүүсү өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүккө жана дүйнөдөгү мунай заттын баасына көз каранды болот.   Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күндө АИ-92 бензининин бир литри 37… Кененирээк…