Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталды

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталды. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, анда асфальт төшөлүп, отургучтар, жарык системасы жана таштанды челектери орнотулду.

 

10 гектар аянтты ээлеген  паркта ошондой эле Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги пайда болду. Ордо калаанын жаңы эс алуу аймагына 48 миллион сом бөлүнгөн.