Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 11 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 7, Нарында 4 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 575 болду.