Дүйнөдө коронавирусту жуктургандар 3 миллион 842 миң 731 адамга жетти

8-майга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 3 миллион 842 миң 731 адамды түздү. 269 миң 267 адам бул илдеттин айынан каза болсо, 1 миллион 282 миң 715 бейтап айыгып чыкты.   Бул инфекцияны жуктургандардын эң көбү АКШда катталды. Бул өлкөдө жалпы 1 миллион 256… Кененирээк…

Эл аралык Валюта Фонду бөлгөн акча бюджеттин чыгашасына жумшалды

Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) 120,85 млн. доллар 31-мартта Борбордук казыналыктын эсебине келип түшкөн. Улуттук банктын эсептик курсу боюнча сомго айландырганда 10,256 млрд. сомду түзгөн.   Мунун ичинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8,896 млрд. сом жумшалды. Андан: — Айлык акыга 3, 994 млрд. сом; — Социалдык… Кененирээк…

Казакстанда коронавирус жуккандар 4530 кишиге жетти

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада жүздөн ашуун адам коронавирус жугузганы аныкталганын билдирди. 7-майга карата өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандар 4530 кишиге жетти. Алардын ар бир үчүнчүсү айыгып чыкты. 30 адам инфекциянын айынан каза болду. Жаңы вирусту жугузгандардын 30% ашыгы Алматы шаарында катталган.   Өлкөдө карантин… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Бул өз кезегинде сел жүрүүгө алып келет. Андыктан, жарандарга этият болуу сунушталат.

Өзгөчө аттестатка талапкер болгон бүтүрүүчүлөр билимин тастыкташы керек

Өзгөчө аттестатка талапкер болгон бүтүрүүчүлөр билимин тастыкташы керек. Алар 29-майда тест тапшырат, — дешти ордо калаа мэриясынан. Учурда Билим берүү министрлиги окуучулар тапшыра турган негизги экзамендердин форматын даярдап жатат.   Быйыл Бишкекте 11-классты 6 миң 592, 9-классты 13 миң 310 окуучу аяктайт.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт 21-майга чейин берилет

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт 21-майга чейин берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдиргендей, ведомство өкүлдөрү ар бир айылга барып, документтерди даярдайт.   Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында окуучулар алдын-ала чакыртылып, кезек менен кабыл алынат.   Бул бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга жол берүү үчүн… Кененирээк…

Бийлик жумушсуз жарандарга колдоо көрсөтөт

Бийлик жумушсуз жарандарга колдоо көрсөтөт.   Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жарыялады. Анын айтымында, бул чаралар өлкөдө экономикалык ишмердүүлүктү этап менен жандантуу планында каралган.   Алсак, жумушсуз жарандарды акысыз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча механизмдер иштелип жатат.

Кубатбек Боронов айылдар ортосундагы карантиндик постторду ирээтке келтирүүнү талап кылды

Кубатбек Боронов айылдар ортосундагы карантиндик постторду ирээтке келтирүүнү талап кылды. Чиновник жергиликтүү бийликтин өз билемдиги менен коюлган постторун катуу сынга алды. Ал белгилегендей, айылдар, шаарлар жана райондор ортосундагы посттор айдоочуларга көптөгөн маселелерди жаратып жатат, айрымдарында өтүү үчүн акча талап кылгандар дагы бар. Жарандардан эч кандай… Кененирээк…