Кыргызстанда акыркы суткада 13 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 6, Ош шаарында 6, Нарында 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 650 болду.