Талас облусунда коронавирусту аныктоочу лаборатория иштеп баштайт

Талас облусунда коронавирусту аныктоочу лаборатория иштеп баштайт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Буга чейин

лабораториялык изилдөө Бишкекте жүргүзүлчү. Мындан ары жеринде

ыкчам иштөөгө шарт түзүлөт. Эми Казакстан чек арасы аркылуу өткөн жарандар

“Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө текшерилет.

Белгилеп кетсек, Талас облусунда COVID-19 каттала элек.